Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

 

Түркия Президентинин кортежи атчандардын коштоосунда “Ынтымак Ордо” имаратына келди.

 

“Ынтымак Ордонун” флагштокторуна Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароолдун катарын улуттук кийимчен жоокерлер толуктап турду, килемдер төшөлдү.

 

Эки өлкө лидерлери бири-бири менен салам алышып, Кыргызстан менен Түркиянын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген катардын алдынан басып өтүштү. Салтанаттын жүрүшүндө лидерлер тууга таазим кылышты, Түркиянын Президенти “Салам, аскер!” деп ротага кайрылып, саламдашты.

 

Андан соң Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган расмий делегация мүчөлөрү менен тааныштырып, андан кийин Ардак кароолдун аскер кызматкерлери мамлекет башчыларынын алдында салтанаттуу жүрүш менен өттү.

Связанный пост