Садыр Жапаров маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 Садыр Жапаров маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

 

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

 

“Улутубуздун жүзүнө айланган урматтуу маданият ишмерлери!

 

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

 

Элибизди эл катары сактап да, даңктап да келаткан бул – эне тилибиз менен маданиятыбыз. “Он сегиз миң аалам” жаралгандан берки карт тарыхыбыз, даңазалуу ата-бабаларыбыз тууралуу таш бетине чегилген кыргыз жазуулары ошол убакта эле кеменгер элибиздин жазуу-сызуудан, маданияттан кабардар болгондугун тастыктап турат.

 

Ондогон кылымдардан берки бай маданияты менен искусствосу бар даанышман элибиз адамзаттын алтын казынасына акыл-эсти, жан дүйнө баалуулуктарын, чексиз ойду, ченемсиз күчтү камтыган улуу “Манас” дастанын кошту. Бизди ошол дем, ошол улуу күч эгемен эл, маданияты бай калк кылып сактап, бүгүнкү күнгө жеткирди. Эми мындан аркы жаштарга, кийинки муунга ата-бабаларыбыздан калган маданий мурастарыбыздын көркүнө көрк кошуп, таберик кылып калтыруу – маданият ишмерлеринин ыйык милдети!

 

Бүгүнкү дүйнө жүзү өтө тездик менен өзгөрүп, ааламдашуу доорунда улуттук көөнө маданиятыбызды сактап калуу – биздин көңүл чордонубузда турган биринчи маселе. Мамлекет ал үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, руханий дөөлөттөрүн сактоого, даңктап-даңазалап, жайылтууга бар күч-аракетин жумшап келет.

 

Бул багытта бир топ иштер аткарылып, дагы бир тобу аткаруу алдында турат. Көп жылдардан бери бир да жолу оңдоп-түзөөдөн өтпөгөн мамлекеттик циркибиз толук жаңыланып, кайрадан ишке кирди. Убагында Борбор Азияда жана КМШ өлкөлөрүндө кыргыз “жигитовкасын” чыгарган жана улуттун сыймыгы болгон Үсөн Кудайбергенов өңдүү өнөр адамдарынын иши мындан ары көчтөнөт деген ишеничтемин. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата республика боюнча көптөгөн социалдык-экономикалык имараттардын ачылыштары болуп жатса, алардын өзөктүүсү жана элибизге руханий азык тартуулап, жан дүйнө эс алдыра турган маданий жай катары улуттук “Манас” театрынын жаңы имараты ачылып, ийгиликтүү иштеп жатат.

 

Ошентип, мамлекет буга чейин өгөйлөнүп келген маданият тармагын колдоого алууда. Жалпыңыздар жакшы билгендей, райондук маданият үйлөрүндөгү техникалык каражаттарды жаңыртып бердик. Театр оюн-зоок мекемелеринин жаңы репертуарлар менен толуктоого жана сахна костюмдарын тиктирүүгө, гастролдорду уюштурууга шарттарды түзүп берип жатабыз. Максатыбыз – кыргыз маданиятынын алтын доорун кайра бир кайталап, кыргыз кереметин даңазалоо. Маданиятыбыздын бардык тармагынан жаңы ысымдар, жаңы жүздөр чыкса дейбиз.

 

Абдылас Малдыбаев, Муратбек Рыскулов, Гапар Айтиев, Бүбүсара Бейшеналиева, Чынгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Кайыргүл Сартбаева, Болот Миңжылкыев, Болот Шамшиев, Самара Токтакунованын жана башка маданият сересине жеткен өнөр адамдарынын изин баса турган муунду тарбиялоо – бүгүнкү күндүн милдети болуп турат.

 

Мамлекет жаш таланттарды окутуу, тарбиялоо, улуттук маданиятыбызда секирик жасоонун кандай ыкмасы болбосун, колдоп берүүгө даяр. Кыска аралыкта экономикалык чоң секирик жасаган эгемен Кыргызстан маданият жаатында жаңы бийиктиктерди багындырышы керек.

 

Урматтуу эл таалайына бүткөн таланттар, мен сиздерге чыгармачыл эргүү каалайм. Улуу өнөрдү алып жүрүүчү жаратмандардын катары калыңдай берсин!

 

Майрамыңыздар кут болсун!”.

Связанный пост