Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге 4,1 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди
“Айыл чарбасын каржылоо -12” долбоорунун алкагында 31-октябрга карата 10 миң 466 дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, насыянын жалпы суммасы 4 млрд 153 млн 820 миң сомду түзөт. Анын ичинен:
Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 462 млн 640 миң сомго 1 399 насыя берилди, анын ичинен банктар боюнча алганда:
“Айыл Банк” ААК – 224 млн 460 миң сомго 693 насыя;
“Элдик Банк” ААК – 238 млн 180 миң сомго 706 насыя.
Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 3 млрд 691 млн 180 миң сомго 9 миң 67 насыя берилди, анын иченен банктар боюнча алганда:
“Айыл Банк” ААК – 1 млрд 783 млн 490 миң сомго 4 444 насыя;
“Элдик Банк” ААК – 1 млрд 907 млн 690 миң сомго 4 623 насыя.