Жыл башынан бери чет өлкөлөрдөн 69 кыргызстандык экстрадицияланды
2024-жылдын январь-октябрь айына чейин Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн кылмыш жоопкерчилигине тартуу, же сот өкүмүн аткаруу максатында 69 адам экстрадицияланган.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, ошол эле учурда Кыргызстандан чет элдик өнөктөштөрдүн суроо-талаптары боюнча 38 кылмышкер өткөрүлүп берилген.
Мисалы, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Россиянын Башкы прокуратурасынын 1974-жылы туулган В.П. аттуу Молдованын жаранын курал колдонуп, ден соолукка оор залал келтирген жана каракчылык менен коштолгон адам өлтүрүү кылмыштары боюнча жоопкерчиликке тартуу үчүн экстрадициялоо өтүнүчүн канааттандырды.
Ошондой эле Түркиянын жараны К.Д. дагы эл аралык кылмыштуу уюмга катышып, ири көлөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз ташып жеткирүүгө жана сатууга көмөктөшкөндүгү үчүн экстрадициялоо чечими кабыл алынган.
Кылмышкерлерди экстрадициялоо боюнча эл аралык кызматташтыктагы иштер улантылып, укуктук кызматташуунун натыйжалуулугун арттыруу максатында КР Башкы прокуратурасы алыскы чет мамлекеттер менен экстрадиция боюнча кошумча келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууда.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кылмышкерлерди экстрадициялоо жаатында эл аралык кызматташууну күчөтүп, Кишинёв конвенциясынын жана эки тараптуу макулдашуулардын алкагында чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иш алып барууну улантууда.