Каныбек Туманбаев: Турак жайга муктаж жарандарга ипотекалык үйлөр курулууда

 Каныбек Туманбаев: Турак жайга муктаж жарандарга ипотекалык үйлөр курулууда

Кыргызстанда турак жайга муктаж жарандарга ипотекалык үйлөр курулууда. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев “Фейсбуктагы” түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, дүйшөмбү күндөн тартып Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайты жаңыланат. Ошол жактан ипотекалык үй алуу үчүн толук маалыматтар берилет. Анда ипотекалык программалардын бардыгы көрсөтүлөт.

“Учурда ипотекалык үй алам дегендерден эч кандай документтер талап кылынбайт. Сайттын шилтемесинде көрсөтүлгөн маалыматтарга жооп берип, кезекке турса болот. МИКтин бир дагы кызматкери тааныш-билиштик кылып, кезегин жылдыра албайт. Азыр бардык жарандарга бирдей шарт түзүлгөн”, – деди ал.

Ошондой эле Туманбаев президенттин тапшырмасы менен кыргызстандыктар 2030-жылга чейин турак жай менен камсыз кылынарын белгиледи.

Связанный пост