9 айда Кыргызстандын аэропорттору 4,5 миллиондон ашык жүргүнчүнү тейледи

 9 айда Кыргызстандын аэропорттору 4,5 миллиондон ашык жүргүнчүнү тейледи

2025-жылдын 9 айында Кыргызстандын аэропорттору 4,5 миллиондон ашык жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын жетекчиси Манасбек Самидинов бүгүн жарандык авиация кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосунда билдирди.

Ошондой эле Самидинов белгилегендей, бул аралыкта 38 миңден ашык каттам тейленди.

“Ал эми “Манас менеджмент компаниясы” 20 000 тоннадан ашык жүктү тейлеп, Кыргызстандын эл аралык аба ташуу рыногундагы позициясын бекемдөөдө”, – деди ал.

Связанный пост