9 айда Кыргызстандан 26,1 миң тонна сүт азыктары экспорттолду

 9 айда Кыргызстандан 26,1 миң тонна сүт азыктары экспорттолду

2024-жылдын 9 айында Кыргызстандан 26 миң 101 тонна сүт азыктары экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

 

1018,8 тонна – сыр;

119,5 тонна – шоро ;

3,3 тонна – курут;

1796,9 тонна – каймак май;

4448 тонна – балмуздак;

7634 тонна – кургак сүт.

Ал эми импорттолгон сүт азыктары – 13 миң 274,4 тоннаны түзгөн, анын ичинде:

 

1160,6 тонна – сыр;

275,9 тонна – каймак май;

670,8 тонна – йогурт;

1933,7 тонна – балмуздак;

184,2 тонна – каймак;

534,5 тонна – кургак сүт;

196,4 тонна – коюлтулган сүт;

6 тонна – быштак.

Связанный пост