9 айда Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 13,8 млрд кВт/саатты түздү

 9 айда Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 13,8 млрд кВт/саатты түздү

2025-жылы 9 айдын жыйынтыгы менен Кыргызстан боюнча жалпы керектөө 13,8 млрд кВт/саатты түздү. Бул тууралуу бүгүн Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин 9 айдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча коллегияда белгилүү болду.

Ведомствонун маалыматына караганда, ал эми республикада жалпысынан 11,3 млрд кВт/с электр энергиясы өндүрүлдү, анын ичинде:

  • ири ГЭСтерден – 9,7 млрд кВт/с;
  • чакан ГЭСтерден -0,18 млрд кВт/с;
  • кичи ГЭСтерден – 0,16 млрд кВт/с;
  • Жылуулук электр борборунан – 1,3 млрд кВт/с;
  • күн элект станциялардан – 0,7 млн кВт/с.

Андан тышкары, Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдөн 2,7 млрд кВт/с электр энергиясы импорттолду.

Связанный пост