9 айда 711 этникалык кыргыз кайрылман макамына ээ болду

 9 айда 711 этникалык кыргыз кайрылман макамына ээ болду

2025-жылдын 9 айында 711 этникалык кыргыз кайрылман макамына ээ болду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт.

Ведомствонун маалыматына караганда, эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстанга 70 миңден ашуун этникалык кыргыздар көчүп келип, алардын ичинен 65 миңге жакыны өлкө жарандыгын алышкан.

Кайрылман макамы атайын түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия тарабынан берилет. Анын курамына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Санариптик өнүгүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин өкүлдөрү кирет. Кайрылмаларды кароо мөөнөтү үч айды түзөт.

Эсептик мезгил ичинде кайрылман макамы төмөнкү өлкөлөрдөн келген этникалык кыргыздарга ыйгарылган:

  • Өзбекстан Республикасы — 54 адам;
  • Тажикстан Республикасы — 629 адам;
  • Кытай Эл Республикасы — 12 адам;
  • Россия Федерациясы — 7 адам;
  • Афганистан — 8 адам;
  • башка өлкөлөр — 1 адам.

Кайрылман күбөлүгү үч жылдык мөөнөткө берилет. Ушул убакыт аралыгында кайрылман макамынын ээлери Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча кайрылууга тийиш.

Кайрылман макамына ээ болгон жарандар социалдык жөлөкпулдарга, пенсияларга, медициналык жардамга, билим алууга жана Кыргызстандын аймагында эмгектенүүгө укуктуу.

Связанный пост