9 айда өрт коопсуздугун сактабагандарга 11,7 млн сом айып салынды
Өрттү көзөмөлдөө кызматы 2025-жылдын 9 айында мамлекеттик жана жеке ишкердик субъектилерде жалпы 6 595 текшерүү жүргүздү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бул 2024-жылдын 9 айына салыштырмалуу 10 пайызга көп.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 4 269 көрсөтмөлөр берилип, 588 административдик протоколдун негизинде 11 млн 790 миң 500 сом айып пул салынды. Айып пулдун көлөму 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2 эсеге көп.
Текшерүүдөн тышкары өрттүн алдын алуу максатында жалпысынан 7 950 көрсөтмө жана 3 898 эскертме баракчалары таратылып, бийлик органдарына 276 маалымат берилди.
Текшерүүлөрдүн алкагында мекемелик жана көчөлөрдө жайгашкан өрт гидрантарын, суу көлмөлөрүн кырсык болгон учурда үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында 4 457 өрт гидранттары оңдоп-түзөө жана инвентаризациялоодон өтүп, бузук абалда турган мекемелерге 1 млн 508 миң сом айып пул салынган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 2 эсе өскөнүн билдирет.
Соода-сатык базарларында мүмкүн боло турган өрттүн алдын алууга багытталган өрт эрежелеринин жана талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында пландан тышкаркы 163 мекеме текшерилип, өрт коопсуздук эрежелерин сактабаган соода түйүндөрүнө, кафе-ресторандарга, базарларга жана мекемелерге 1 млн 160 миң сом айып пул салынган, 2024-жылдын 9 айына салыштырмалуу 2 эсеге өскөн.