$80 млн ашык суммадагы кайра жаралуучу энергия булактары боюнча үч инвестициялык долбоорлорду каржылоо жактырылды

 $80 млн ашык суммадагы кайра жаралуучу энергия булактары боюнча үч инвестициялык долбоорлорду каржылоо жактырылды

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) кеңешинин мүчөсү Данияр Амангельдиев РКӨФ кеңешинин 19-жыйынына катышты. Жыйындын жүрүшүндө 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча отчет бекитилип, Фонддун иши ийгиликтүү деп табылды.

Жыйында кабыл алынган маанилүү чечимдердин бири кайра жаралуучу энергия булактары боюнча үч инвестициялык долбоорду 80 млн. АКШ долларынан ашык суммада каржылоо болду, бул Фонддун экологиялык таза жана туруктуу демилгелерди колдоого болгон умтулуусун баса белгилейт.

Мындан тышкары, жыйында долбоорлорду кароону жана каржылоону жакшыртуу максатында Фонддун Инвестициялык саясатына өзгөртүүлөр киргизилди, бул келечекте инвестициялык долбоорлор менен иштөө натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Бул чечим туруктуу энергетиканы өнүктүрүүгө стратегиялык багытты жана Кыргызстанда экологиялык таза технологияларга өтүүнү колдойт.

Связанный пост