8-октябрга чейин шайлоочулардын алдын ала тизмеси tizme порталына чыгат

8-октябрга чейин көп мандаттуу шайлоо округдарындагы шайлоо участкалары боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмеси www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталга жайгаштырылат. Бул тууралуу БШКдан маалымдашты.
Боршайкомдон билдиришкендей, тизмеден шайлоочулар өзү жөнүндө маалыматтарды тактап алса болот.
Ошондой эле 14-октябрга чейин тиешелүү участоктордо шайлоочулардын алдын ала тизмеси таанышуу үчүн илинет.
Мындан тышкары, шайлоочуда өзү жөнүндө маалыматтарды тактоого да мүмкүнчүлүгү болот:
- 1255 же 119 номерлерине чалуу менен;
- www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу;
- шайлоо участогунда;
- “119” номерине паспорттогу жеке идентификациялык номерди (ПИН) СMС-билдирүү аркылуу жиберүү менен шайлоо участогунун номерин жана дарегин ала аласыз (СМС жиберүү жана телефон чалуу акысыз).
Эгерде кандайдыр бир ката же так эместик аныкталса, ошондой эле алдын ала шайлоочулардын тизмесинде шайлоочу жок болсо, 8-октябрдан 19-ноябрга чейин (кошулган күндү эсепке алуу менен) тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга жана www.tizme.gov.kg сайтындагы “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу белгиленген тартипте авторизациядан өтүү менен электрондук түрдө арыз берүүгө укуктуу.
Ал эми биометрикалык каттоодон өтө элек жарандар калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) жана жашаган жери боюнча жарандык абалдын актысын жазуу, паспорттоштуруу жана калкты каттоо органдарынан (Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу ведомстволук түзүм) ушул жол-жободон өтсө болот.
БШК добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүү укугуна ээ экендигин эске салат.