7-8-август күндөрү аба ырайы өзгөрүп, өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт

 7-8-август күндөрү аба ырайы өзгөрүп, өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт
7-8-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, бул күндөрү көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги зарылчылык болбосо жарандардан бул күндөрү жол жүрүүдөн карманып турууга чакырат.
Иллюстративдүү фото

Связанный пост