6 айда жер жана суу мыйзамдарын бузгандарга 4,5 млн сом айып салынды

 6 айда жер жана суу мыйзамдарын бузгандарга 4,5 млн сом айып салынды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы 2025-жылдын биринчи алты айында жер жана суу жаатында жалпы 852 текшерүү жүргүздү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, натыйжада 1053 мыйзам бузуу фактысы аныкталган.

Бул аралыкта мыйзам бузган 380 адамга жалпы суммасы 4 млн 496 миң сом айып салынды.

Мындан тышкары, жерлерди бузгандарга коюлган доонун суммасы 34 млн 999 миң 200 сомду түздү.

Связанный пост