6 айда ветеринардык кызматтын атайын эсебине 83 млн сомдон ашуун каражат түштү

 6 айда ветеринардык кызматтын атайын эсебине 83 млн сомдон ашуун каражат түштү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы тарабынан атайын каражаттарды чогултуу үчүн 2024-жылга карата жалпы суммасы 91 688 000 сом сметасы бекитилген.

Буга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылында Ветеринардык кызматтын атайын эсебине 83 480 000 сом түштү, бул пландын аткарылышынын 523,9% ын түзөт.

Ветеринардык кызматтын атайын эсебине түшкөн каражаттардын жалпы суммасы төмөнкүдөй бөлүндү:

Эмгек акыга-50 088 200 сом,

Социалдык фондго-8 640 200 сом,

Киреше салыгына – 5 008 800 сом.

Бул көрсөткүчтөр Ветеринардык кызматты финансылык башкаруунун жана стратегиялык пландоонун натыйжалуулугунун жогорку деңгээлинен кабар берет.

Ветеринардык кызмат финансылык базаны андан ары бекемдөөгө багыт алып, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин атайын эсепти 150 000 000 сомго кошумча толуктоону пландаштырууда. Бул каражаттар сапаттуу ветеринардык жардамды камсыз кылууга жана өлкөдөгү агроөнөр жай комплексин колдоого көмөктөшүүчү программаларды бекемдөөгө жана кеңейтүүгө багытталат.

Связанный пост