6 айда Транспорт каражаттарын каттоо агенттигинин кирешеси 3,98 млн сомду түздү

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жалпы кирешеси 3 млн 982 миң 850 сомду түздү. Бул тууралуу аталган агенттиктин директорунун орун басары Бакыт Насиров бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн жыйында билдирди.
Анын айтымында, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 136%га көп. Каражаттар төмөнкү багыттар боюнча түшкөн:
транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо – 2 млн 647 миң 557 сом (анын ичинен: алгачкы каттоо – 5%, кайра каттоо – 0,3%);
алдыңкы каптал айнектерди караңгылатууга уруксат берүүдөн – 492 миң 630 сом;
өзгөчө цифралык жана тамгалык айкалыштагы номер белгилерин сатуудан – 399 миң 325 сом;
лицензия берүү үчүн мамлекеттик алымдан – 45 миң сом;
чет өлкөлүк номерлери бар транспорт каражаттарын легалдаштыруудан – 406 миң 525 сом;
эмгек акыдан кармалган киреше салыгынан – 36 миң 766 сом
“Бюджетке түшкөн каражаттар жыл аягына чейин дагы көбөйөт деп ойлойм”, — деп кошумчалады Бакыт Насиров.