6 айда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү $7,6 млрд түздү
2024-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 7,6 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.
Анын айтымында, бул 2023-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 9,4 пайызга көп. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 3,2 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 12,4 пайызга өстү.
Ошондой эле Жумалиев белгилегендей, 2024-жылдын январь-июнунда Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2 млрд долларга жакындап, 2023-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 9,3 пайызга төмөндөдү.
Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (71,6 пайыз) жана Казакстанга (26,5 пайыз) туура келди.