56 миңден ашык аз камсыз болгон кыргызстандыктар эмгек акысына азык-түлүк алышты

 56 миңден ашык аз камсыз болгон кыргызстандыктар эмгек акысына азык-түлүк алышты

56 миңден ашык аз камсыз болгон кыргызстандыктар эмгек акысына азык-түлүк алышты. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырованын айтымында, 2023-жылдын башынан бери «Эмгектин ордуна азык-түлүк» долбооруна 10,9 миң аз камсыз болгон үй-бүлө же 56 миң адам катышкан.

Бул долбоор аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдан чыгаруу үчүн Министрлик киргизип жаткан сапаттуу жаңы чаралардын бири.

Долбоордун катышуучулары ирригациялык системаларды, жолдорду жана жергиликтүү деңгээлдеги суу менен камсыздоону жакшыртуу сыяктуу 400дөн ашык долбоорлорду ишке ашырышты.

Связанный пост