5 айда Сосновка жана Кара-Көл постторунан 100 млн сомдон ашык каражат чогулду

 5 айда Сосновка жана Кара-Көл постторунан 100 млн сомдон ашык каражат чогулду

Сосновка жана Кара-Көл постторунан накталай эмес төлөм аркылуу 5 айда жалпы 100 млн 992 миң 765 сом жыйым чогулду.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 46,3%га көп.

Транспорт министри Абсаттар Сыргабаев буга чейин калкка кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу, адам факторун жокко чыгаруу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин жетекчилигине элдин ыңгайлуулугу үчүн аталган көзөмөл-өткөрүү пункттарды тез арада накталай эмес төлөмгө өткөрүү тапшырмасын койгон.

Натыйжада үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта айдоочулар үчүн накталай төлөм жүргүзүү токтотулду.

Учурда жарандар заманбап жана ыңгайлуу болгон QR-код аркылуу жеринде орнотулган терминалдар аркылуу, же электрондук капчыктар мобилдик тиркемелер аркылуу төлөм жүргүзүп жатышат.

“Өндүрүштүк инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан иштелип чыккан системанын кеңири колдонулушу менен контролдук пункттардагы кызматкерлердин саны этап-этабы менен оптималдаштырылат.

Мындан тышкары, Сосновка жана Кара-Көл пунктарында транспорт каражаттарынын тыгынын алдын алуу максатында жол тилкелери кеңейтилди. Аталган пунктарда кошумча 2 жол тилкеси курулуп, пайдаланууга берилди.

Связанный пост