Быйыл калктын муктаждыгына 1,2 млн тонна көмүр керектелет
Быйылкы жылда калкыбыздын муктаждыгына жалпысынан 1,2 млн тонна көмүр керектелет. Ал үчүн жалпы республика боюнча 549 отун базалары жана көмүр сатуу пункттары ачылат.
Жеке компаниялар көмүрдү экспортко чыгаруу максатында ички керектөөчүлөр үчүн бааны көтөрсө, Министрлер кабинети экспортко тыюу салат. Биринчи кезекте көмүр казуучу компаниялар бюджеттик мекемелер менен калктын көмүргө болгон муктаждыгын камсыздашы керек.
Калкты көмүр менен камсыз кылуу максатында 2023-жылдын 8-сентябрь күнү КР Министрлер Кабинетинин атайын чечими чыккан. Ага ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан көмүрдү автотранспорт менен ташууга убактылуу тыюу салынган.