400 миң доллар опузалаган УКМКнын мурдагы кызматкери жана шериктери кармалды

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен турган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ч.Б. аттуу Кыргызстандын жаранына кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүүнү убада кылып, андан 400 миң доллар алган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин тобу аныкталды. Алар кылмыштуу ишинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынышкан.

Аталган факты боюнча КР Аскердик прокуратурасы тарабынан “Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу” беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Быйыл, 24-июлда кылмыш ишинин алкагында С.А. аттуу Кыргызстандын жараны кармалып, ага опузалап пара талап кылууга жана пара алууга катышкандыгы боюнча айып тагылган.

Мындан тышкары, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка УКМКнын мурдагы кызматкери А.Э.нин катыштыгы аныкталып, ал 130 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын кайтарып берүү учурунда кармалып, тиешелүү айыптар тагылды. Айыпталуучулар соттун чечими менен камакка алынды.

Учурда кылмыштын бардык жагдайларын тактоо боюнча, ошондой эле аталган кылмыштуу топтун башка катышуучуларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы менен бардык күнөөлүү адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет.

Связанный пост