4 миң жумуш орду, 100 компания – Бош орундар жарманкеси өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун адам потенциалын жогорулатуу жана иш менен камсыз кылуу боюнча активдүү чараларды киргизүү боюнча демилгесинин алкагында Бишкек шаарында Бош орундар жана кесиптер – 2024 жарманкеси болуп өттү, ага борбор калаабыздын 100дөн ашык алдыңкы компаниялары катышты.

Уюштуруучулар Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө жана ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы, “Инновациялык технологиялар жана билим берүү борбору” жана Кыргыз Республикасындагы DVV International финансылык колдоосу менен өткөрүлдү.

 

Эмгек министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев белгилеп кеткендей, Бишкек шаары боюнча эле 4 миңден ашык бош жумуш орундары бар.

“100дөн ашык алдыңкы компаниялар өздөрүнүн актуалдуу бош жумуш орундарын сунушташты, ошону менен жарандарга жумуш табууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кесиптик лицейлер жана окутуунун жеке провайдерлери борбор калаанын жашоочулары жана коноктору үчүн өздөрүнүн окутуу программаларын сунушташты” – деп айтты ал.

Жарманкенин жүрүшүндө иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен консультацияларды жана экспресс-интервьюларды өткөрүштү жана жарандар иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү кызматтар боюнча кеңештерди алышты. Жаштар жана мектеп бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле каалоочулар өздөрүнүн күчтүү жактарын жана көндүмдөрүн аныктоо үчүн кесипке багыт берүүчү тестирлөөдөн өтө алышты, бул аларга келечектеги кесипти тандоодо жардам берет.

Связанный пост