4 айда Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодасы $1,79 млрд түздү
2026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соодасынын көлөмү 1,79 млрд АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч 2025-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 1,8%га төмөндөгөн.
Мында экспорттук ташуулар 11,7%га кыскарган, ал эми импорттук түшүүлөр тескерисинче 1%га көбөйгөн.
“ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга – 67,4% жана Казакстанга – 30,2% туура келген”, – деди ал.
Ошондой эле маалымат жыйынында белгиленгендей, 2026-жылдын январь-апрель айларында өлкөнүн товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 4,76 млрд АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 3,6%га азайган.