31-августта 15 миңден ашык милиционер коопсуздукту камсыздайт

 31-августта 15 миңден ашык милиционер коопсуздукту камсыздайт

Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүндө коомдук коопсуздукту камсыздоого 15 миңден ашык милиционер тартылат.

 

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 31-августта өлкөдө Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

 

Алсак, 26-28-август күндөрү республика боюнча “Укук тартип” аталышындагы комплекстүү алдын алуу ыкчам иш-чарасы уюштурулат. Бул иш-чаранын алкагында “Арсенал”, “Нелегал”, “Селсаяк” аталышындагы алдын алуу рейддери өтөт.

 

Бишкек шаарында өтө турган майрамдык иш-чараларда ИИМдин 5 миңден ашык кызматкери тартылат.

 

“Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган чараларды туура түшүнүү менен кабыл алат деген ойдобуз”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост