3 жылда эркин экономикалык аймактарга 5,1 млрд сом инвестиция тартылды

 3 жылда эркин экономикалык аймактарга 5,1 млрд сом инвестиция тартылды

Кыргызстандын эркин экономикалык аймактары инвестицияларды ийгиликтүү тартууну жана өндүрүштү өнүктүрүүнү улантууда. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров “Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес” форумунда билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2022-жылдан 2025-жылдын сентябрына чейин эркин экономикалык аймактар 5,1 млрд сомдон ашык инвестиция тарткан, ал эми бюджетке түшкөн каражаттар 10 млрд сомдон ашты.

“Бүгүнкү күндө 330дан ашык ишкана иштеп жатат, алардын ичинде өлкөнүн экспорттук потенциалын бекемдөөчү технологиялык өндүрүштөр, ошондой эле импортту алмаштыруучу ишканалар бар. Жаңы индустриалдык кластерлер жана өндүрүш паркы түзүлүүдө, ал эми салыктык жеңилдиктер жана жөнөкөйлөтүлгөн процедуралар эркин экономикалык аймактарды бизнес үчүн жагымдуу кылат”, – деди ал.

Сабиров мамлекет инфраструктураны өнүктүрүүгө, ченемдик базаны өркүндөтүүгө жана Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун арттыруу үчүн бардык экономикалык аймактардын тең салмактуу өнүгүшүн камсыздоого ниеттенип жатканын белгиледи.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост