3 ай ичинде каржылык пирамидаларды уюштуруу фактылары боюнча жалпысынан 54 кылмыш иши козголду

 3 ай ичинде каржылык пирамидаларды уюштуруу фактылары боюнча жалпысынан 54 кылмыш иши козголду

Ички  иштер органдары тарабынан 2022-жылдын 12 ай ичинде каржылык пирамидаларды уюштуруу фактылары боюнча жалпысынан 1052 кылмыш иши боюнча тергөө иштерин жүргүзгөн, анын ичинен 765 кылмыш иштин тергөөсү аяктап, соттук кароого жиберилген. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 27-беренесинин (кылмыш-жаза сот өндүрүшүн  жокко чыгаруучу жагдайлар) негизинде, 129 кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган. Ал эми Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 246-беренесинин  1-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде (айыпталуучу катарында жоопко тартууга тийиш болгон жакты аныктоого мүмкүн болбогондо) 4 кылмыш иши токтотулуп, калган 153 кылмыш иш боюнча тергөө амалдары  улантылууда.  Бул тууралуу КРнын ИИМнин Басма сөз кызматы билдирди.

Жогорудагы фактылардын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, калганы Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. Жабыркагандардын жалпы саны – 1052 адамды түзүп, келтирилген материалдык чыгым 273 миллион сомдон ашкан. Ал эми, келтирилген материалдык чыгымдын 481 000 сомдон ашыгы ээлерине өндүрүлүп берилген.

Ошондой эле, 2023-жылдын 3 ай ичинде каржылык пирамидаларды уюштуруу фактылары боюнча жалпысынан 54 кылмыш иши козголгон, эски жылдан 153 кылмыш иши өтүп баардыгы болуп 207 кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Анын ичинен 67 кылмыш ишинин тергөөсү аяктап соттук кароого жиберилген. Ошондой эле 1 кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылып, учурда 138 кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары улантылууда. Бүгүнкү күндө жабырлануучулардын саны 206 адамды түзөт.

Каржы пирамидаларын уюштурган ишканалар;Бишкек шаары боюнча: “Мега Инвест”, “Элиза үй буюмдары”, “Асыл айымдар”, “Финико”, “Файв виндс ассет мейважмемт” жана “ОК платформа” каржы пирамидалары;

Ош шаары боюнча: “Ордо-Мурас” каржы пирамидасы;Ысык-Көл облусу боюнча: “Аруке”, “Жүрөкө-Жүрөк” жана “Балыкчы Ынтымагы” каржы пирамидалары;Нарын облусу боюнча: “Мега Инвест” жана “Элиза үй буюмдары” каржы пирамидалары;

Чүй облусу боюнча: “Алмаз Авто” каржы пирамидасы.Жалал-Абад облусу боюнча: “Ансар групп”, “Ихсан ЛТД групп” жана “МПК” коммерциялык эмес кооперативдери.
Талас облусу боюнча: “Эл Биримдик”, “Нворк” жана “Куестро Ворд” каржы пирамидалары.

Связанный пост