2ГИС навигациясы эми кыргыз тилинде багыттайт

 2ГИС навигациясы эми кыргыз тилинде багыттайт

2ГИС компаниясы өзүнүн багыттамасына кыргызча үн кошумчасын ишке киргизди. Бул тууралуу президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, компания бардык фразаларды кыргыз тилине ылайыкташтырып, колдонууга ыңгайлуу жана түшүнүктүү деңгээлде иштеп чыкты. Ага Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова менен рэп-аткаруучу Бегиштин үндөрү жазылды.

Жыл башында комиссия 2ГИС компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, бул платформанын мамлекеттик тилде иштөөсүн да камсыз кылууну талкуулашкан. Бул санариптик кызматтарды мамлекеттик тилде жеткиликтүү кылуу боюнча маанилүү кадам болуп саналат.

Кыргызча навигацияны 2ГИС тиркемесинин жөндөөлөрүнөн тандап кошуп алууга болот.

Связанный пост