27-сентябрдан тарта Бишкектен Талас, Нарын жана Караколго аба каттамдары ачылат

 27-сентябрдан тарта Бишкектен Талас, Нарын жана Караколго аба каттамдары ачылат

Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы 27-сентябрдан тарта бардык багыттар боюнча ички каттамдарды ишке киргизерин жарыялады.

“Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алена Хоменко “Кабар” агенттигине билдиргендей, эми Талас, Нарын жана Караколго учууга болот.

“Авиа билеттердин баасы 2000 сомдон башталат. Asman Airlines кардарлар үчүн бир нече тарифтерди сунуштайт: супер эконом (7 кг кол жүк менен гана), фул эконом (15 кг жүк жана кол жүк), флекс эконом (15 кг жүк, 7 кг кол жүк, орун тандоо мүмкүнчүлүгү жана кезексиз тейлөө).

Ал белгилегендей, авиакомпания Канададан 80 орундуу үч учактын келишин күтүп жатат.

Связанный пост