23.11.23 — Кыргызстанда “өзгөчө” датада 193 түгөй баш кошту

2023-жылдын 23-ноябрында (23.11.23) республика боюнча 193 жуп расмий түрдө баш кошушту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча 37 жуп баш кошушса, алардын 21 Бакыт Өргөөсүндө баш кошушту. Ал эми Ош шаарындагы Бакыт Өргөөсүндө 5 жуп баш кошушту.