21-июндан 9-июлга чейин Бишкектин Фрунзе көчөсүндө газ өчүрүлөт

 21-июндан 9-июлга чейин Бишкектин Фрунзе көчөсүндө газ өчүрүлөт

“Бишкекгаз” ишканасынын маалыматы боюнча, абоненттердин жаңы газ түтүгүнө кошулушуна байланыштуу Фрунзе көчөсүнүн Осмонкулдан Калык Акиевге чейинки бөлүгүндөгү абоненттерге газ берилбейт.

21-июндан 9-июлга чейин газ болбойт. Ар бир этап аяктаганда гана , абоненттерге кезеги менен газ бериле баштайт.

“Бишкекгаз” жарандарды убактылуу өчүрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат, анткени жаңы газ түтүгүнө кайра кошулуу жаратылыш газын ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо үчүн зарыл чара болуп саналат.

Связанный пост