2030-жылга чейин Ысык-Көлдө 66 кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин 25 пайызга чейин жеткирүүнү көздөп, өлкө боюнча жалпы 385 кайра иштетүү ишканасын түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Ведомствонун маалыматына караганда, анын алкагында Ысык-Көл облусунун өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгынын потенциалына жасалган талдоонун негизинде 6 соода-логистикалык борборду (СЛБ) жана 66 кайра иштетүү ишканасын ачуу пландаштырылган.

Район жана шаарлар боюнча пландар төмөнкүдөй:

  • Ысык-Көл районунда – 1 СЛБ, 20 кайра иштетүүчү ишкана;
  • Ак-Суу районунда – 1 СЛБ, 6 кайра иштетүүчү ишкана;
  • Жети-Өгүз районунда – 2 СЛБ, 15 кайра иштетүүчү ишкана;
  • Тоң районунда – 1 СЛБ, 6 кайра иштетүүчү ишкана;
  • Түп районунда – 8 кайра иштетүүчү ишкана;
  • Балыкчы шаарында – 1 СЛБ, 3 кайра иштетүүчү ишкана;
  • Каракол шаарында – 8 кайра иштетүүчү ишкана;

Бул чаралар бардык район жана айыл аймактарын камтып, ар бир аймактын адистешүүсүнө ылайык ишканаларды туруктуу чийки зат менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

Связанный пост