2030-жылга чейин 31 миң гектар жерди сугат суу менен камсыздоо жакшырат
Кыргызстанда 2030-жылга чейин 31 миң гектар жерди сугат суу менен камсыздоо жакшырат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан аймактагы агро-инновациялардын борборуна айланууда. Буга байланыштуу жакынкы келечекте айыл чарба тармагын жаңы деңгээлге көтөрүү максатында бир нече иш-чаралар аткарылат. Алар:
– 38 миң тонна үрөн даярдап, ага болгон муктаждыктын 30 пайызын жабуу;
– жыл сайын 20 млн көчөт даярдоо;
– ар жылы 200 миң малды уруктандыруу, ар бир уйдан 5 миң литрден сүт саап алуу;
– 135 миң гектар кунарсыз жайыттарга үрөн себүү жана ар бир райондо тоют базаларын уюштуруу;
– өндүрүлгөн чийки продукциянын 50 пайызын кайра иштетүү максатында 137 ири ишкана, 103 соода-логистикалык борборлорду
жана 8 кампаны ишке киргизүү;
– 2030-жылга чейин 150 миң гектарга тамчылатып сугаруу системасын орнотуу жана жаңы 8 миң гектар сугат жерлерин ишке киргизүү, 31 миң га жердин сугат суу менен камсыздоосун жогорулатуу иш-чаралары кирет.