2027-жылдын аягына чейин бардык абоненттерге “акылдуу” эсептегич орнотулат
2027-жылдын аягына чейин бардык абоненттерге “акылдуу” эсептегич орнотулат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйында билдирди.
Ал белгилегендей, учурда 1,5 млн абоненттин 735 миңге жакыны “акылдуу” эсептегич менен камсыздалган.
“Өлкө боюнча “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу иштери бүтө элек. Быйыл 500 миң даана коюлду. Азыр 1,5 млн абонент бар. Анын 735 миңге жакыны “акылдуу” эсептегич менен камсыз болгон. Эмки жылга дагы 300-400 миң эсептегич орнотуу пландалууда. 2027-жылдын аягына чейин бардык абоненттерге “акылдуу” эсептегич орнотулат”, – деди ал.