2027–2031-жылдардын фискалдык саясаты жактырылды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгында Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Жыйында “Кыргыз Республикасынын 2027–2031-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоору” каралды.
Баяндаманы финансы министри Руслан Сүйналиев жасады. Жыйындын жүрүшүндө 2027–2031-жылдарга кирешелердин жана чыгымдардын параметрлери, инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо маселеси, ошондой эле ар кандай багыттар боюнча мамлекеттик чыгымдар талкууланды.
Кеңири талкуудан кийин кеңеш долбоорду бир добуштан жактырды.