2026-жылы бюджеттин кирешеси 28,1 пайыз өсүүсү күтүлүүдө

 2026-жылы бюджеттин кирешеси 28,1 пайыз өсүүсү күтүлүүдө

2026-жылы жалпы республикалык ресурстар 694,4 млрд сом өлчөмүндө пландалууда. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйналиев билдирди.

Жыйында “Кыргыз Республикасынын 2026-жылга республикалык бюджети жана 2027-2028-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, ошондой эле 2024-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча отчет талкууланды.

Анын маалыматы боюнча, республикалык ресурстар 2027-жылы 688,9 млрд сом, ал эми 2028-жылы 716,8 млрд сом деңгээлинде пландаштырылууда. Республикалык бюджеттин жалпы көлөмү туруктуу өсүүдө.

“Эгерде 2026-жылы республикалык бюджет 551,2 млрд сом өлчөмүндө күтүлсө, 2028-жылы ал 641,6 млрд сомду түзөт. 2026-жылы кирешелер 2025-жылга салыштырмалуу 28,1 пайызга, 2027-жылы 7,6 пайызга, ал эми 2028-жылы өсүү темпи 8,1 пайызга жетиши күтүлүүдө. Жалпысынан 2026-жылдан 2028-жылга чейин кирешелер 16,4 пайызга өсөт”, – деди ал.

Сүйналиев белгилегендей, чыгашалар да өсүүдө. 2026-жылы 550 млрд сомду түзсө, 2028-жылы 589,3 млрд сомго жетиши мүмкүн, бирок бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагында калат.

Связанный пост