2025-жылы санаторийлердин кирешеси 779 млн сомго жетти
2025-жылы Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристик объекттердин ишин башкаруу боюнча дирекциясынын кирешеси 779 млн сомго жетип, өсүү 141 пайызды түзгөн. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 550 млн сом пландалганы менен жыл жыйынтыгында ал ашыкча аткарылган. Ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 486 млн сомду түзгөн.
Белгилей кетсек, дирекция 2024-жылдын 25-мартында түзүлүп, Иш башкармалык жана Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы тарабынан аныкталган тизмеден 16 объекттин ичинен 15 объект дирекциянын балансына өткөрүлүп берилген.
Дирекцияга өткөрүлгөн объекттер жылдар бою каралбай, талкаланып-тонолуп, оңдоп-түзөө иштери жүргүзбөгөндүктөн карызга баткан, чыгашалуу мекемеге айланган. Мисалы, объекттер дирекциянын карамагына өткөрүлүп жаткан жылдары санатордук-курорттук мекемелердин айлык маянасы, коммуналдык, салык, социалдык жана башка төлөмдөр боюнча жалпы карызы 90 млн сомдун тегерегин түзсө, азыркы тапта карыздар толугу менен төлөнүп, натыйжалуу башкаруунун жыйынтыгында объектилер кирешенин үстүндө иш алып барууда.
УКМКнын активдүү колдоосу менен тармактын мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен 25 гектар жери жана аянты 5389 чарчы метрди түзгөн имараттары мамлекетке кайтарылган.