2025-жылы Кыргызстандын ИДПсы 1,9 трлн сомдон ашты
2025-жылдын январь-декабрында алдын ала баалоолор боюнча, Кыргызстандын ички дүң продукциясы 1,9 трлн сомдон ашып, 2024-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 11,1 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, бул аралыкта өнөр жай продукциясынын көлөмү 799,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу фармацевтикалык продукциялардын (1,7 эсеге), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (35,7 пайызга), жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердүүлүк продукцияларынын (30,5 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (30,1 пайызга), химиялык продукциялардын (19,8 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуу көлөмүнүн (14,2 пайызга) өсүшүнүн эсебинен 10,6 пайызга көбөйдү.

Ал белгилегендей, оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 21,1 пайызды, дүң жана чекене соода – 17,8 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 2,2 пайызды түздү.