2025-жылы курулушка уруксат алуу, жерлерди трансформациялоо жана лицензиялоо мөөнөттөрүн кыскарткан 12 реформа ишке киргизилди
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында мамлекеттик саясаттын негизги жетишкендиктерин жана багыттарын чагылдырган баяндама жасады.
Өз сөзүндө ал, мамлекет бизнес жана жарандар үчүн жагымдуу шарттарды активдүү түзүп жатканын баса белгиледи.
«Бул процедураларды жөнөкөйлөтүү жана өкмөттүк акселераторлор программасы аркылуу реформаларды тездетүү жолу менен ишке ашырылууда», – деп билдирди Адылбек Касымалиев. Ал 2025-жылы бул программанын алкагында курулушка уруксат алуу, жерлерди трансформациялоо жана лицензиялоо мөөнөттөрүн кыйла кыскарткан 12 реформа ишке киргизилгенин белгиледи.
«Бул чаралар экономикалык өсүштү камсыз кылуу, жумуш орундарын түзүү жана өлкөнүн инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча стратегиялык кадам болуп саналат», – деп кошумчалады МинКаб башчысы.
Адылбек Касымалиев ошондой эле мамлекеттик системаны дебюрократизациялоо боюнча ишке токтолду. Анын айтымында, 2025-жылы мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, бюрократияны азайтуу максатында бул багытта масштабдуу иштер жүргүзүлдү.
«30дан ашык мыйзам актылары иштелип чыгып, анын 16сы кабыл алынды, ал эми 6 мыйзам Жогорку Кеңештин кароосунда турат. Президенттин 10 жарлыгы жана Министрлер кабинетинин 30дан ашык чечими кабыл алынды. Натыйжада: бул оң таасирин тийгизип, жарандарга жана бизнеске административдик жана башка жүктү азайтууга өбөлгө түзүүдө», — деп белгиледи Адылбек Касымалиев.
Негизги капиталга инвестициялардын агымын көбөйтүү жана тикелей чет элдик инвестицияларды тартуу багытында административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана инвесторлордун укуктарын коргоону күчөтүүгө багытталган ырааттуу саясат жүргүзүлүүдө.
«Быйыл «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» жаңы мыйзам кабыл алынды. Өзгөчө укуктук режимге жана статуска ээ, англис укугунун принциптерин жана ченемдерин колдонгон «Тамчы» атайын каржы-инвестициялык зонасын түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Өлкөдө эки тараптуу өнүктүрүү фонддору – Кыргыз-Россия, Азербайжан, Венгрия, Өзбек фонддору өз ишмердүүлүгүн улантууда, алар республика боюнча 4 миңге жакын долбоорду каржылап жатышат», – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин төрагасы.