2025-жылы банктык төлөм карталарынын саны 9,9 миллионго жетти

 2025-жылы банктык төлөм карталарынын саны 9,9 миллионго жетти

2025-жылы банктык төлөм карталарынын жалпы саны 9,9 млн даананы түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, бир жыл ичинде банктык төлөм карталары 7,9%га көбөйдү.

“Өлкө боюнча банкоматтардын саны – 1,8%, терминалдар – 1,9%, төлөм терминалдар – 3,4%, электрондук капчыктар – 1,9%га көбөйгөн”, – деп айтты Улуттук банктын төрагасы.

Связанный пост