2025-жылы өлкөнүн консолидацияланган бюджети биринчи жолу 1 трлн сомду түзгөн тарыхый чектен ашты
2025-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджети тарыхый чектен ашып, 1 триллион 93 миллиард сомго жетти. Триллион сомдук бюджетти эки жыл мурда орундатуу — ырааттуу экономикалык жана фискалдык саясаттын натыйжасы. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кеңейтилген жыйынында Министрлер Кабинетинин 2024-жылга карата отчетун кароо, 2025-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2026-жылга республикалык бюджет жана 2027-2028-жылдарга болжолдор жөнүндө мыйзам долбоорун кароо учурунда билдирди.
“2025-жылы “Элдик банкты” жана энергетикалык компанияларды капиталдаштыруу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу, Камбар-Ата ГЭС-1, Мамлекеттик ипотекалык компания сыяктуу стратегиялык багыттарга олуттуу бюджеттик каражаттар бөлүнөт. Капиталдык салымдардын көлөмү беш эседен ашык көбөйдү – 10 миллиарддан 51,7 миллиард сомго”, – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы.