2025-жылы үрөнчүлүк, көчөт, мал уругу жана ветеринария тармактарында өсүш катталды
2025-жылы үрөнчүлүк, көчөт, мал уругу жана ветеринария тармактарында өсүш жана тарыхый жетишкендиктер катталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Алсак, республика боюнча 86 үрөн чарбасы иштеп, 11 айда 4 485 тонна сапаттуу буудай үрөнү даярдалды. Үрөн алуучулардын саны 2 782ге жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 14 пайызга өстү. Ал эми 15 млн 37 миң көчөт даярдалып, импортко көз карандылык кыйла азайды.
Мындан тышкары, Кыргызстан тарыхында биринчи жолу 40 тонна беде үрөнү Россияга, 1,6 тонна ашкабак үрөнү Японияга экспорттолду.
Быйыл жалпы айдоо аянты 1 млн 245,6 миң гектарды түзүп, дан эгиндеринен 2,3 млн тоннадан ашык дүң түшүм алынды. Картошка, жашылча жана бахча өсүмдүктөрү боюнча да рекорддук көрсөткүчтөр катталды.
Мал чарбасында ири реформа жүргүзүлдү, алгачкы жолу мамлекеттик бюджеттен 60 млн сомдон ашык каражат бөлүнүп, 270 миң доза асыл тукум бука уругу акысыз таратылды. Натыйжада 77 миңден ашуун уй-кунажын жасалма уруктандыруудан өткөрүлдү. Учурда өлкөдө 302 уруктандыруу пункту иштеп жатат.
Бүгүнкү күндө 185 асыл-тукум чарба расмий катталып, ири мүйүздүү мал, кой, жылкы, эчки, топоз, канаттуу жана аары чарбалары системалуу өнүгүүдө.
Ошондой эле учурда жаңы демилгелер дагы ишке ашырылууда:
- 3 пайыздык жеңилдетилген насыя;
- жогорку түшүмдүү сорго, сафлор, ферула өсүмдүктөрүн жайылтуу;
- цитрус жана мөмө-жемиш көчөттөрүн отургузуу;
- экинчи түшүмдү айдоо географиясын кеңейтүү;
- асыл-тукум бодо мал заводун түзүү;
- органикалык өндүрүш жана жайыттарды калыбына келтирүү долбоорлору.
Бул көрсөткүчтөр айыл чарбасын жаңылоо, экспортко багыт алуу жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо багытында 2025-жыл чечүүчү жыл болгонун айгинелейт.