2025-жылдын 6 айында 60 000 тоннадан ашык сүт азыктары өндүрүлдү

2025-жылдын январь–июнь айларында «КАПК» (Кичи жана орто ишкерликти өнүктүрүү аркылуу айыл чарба тармагындагы кошумча нарк чынжырын колдоо) долбоорунун алкагында айыл чарба секторунун катышуучуларына олуттуу каржылык колдоо көрсөтүлдү.
Аталган мезгил ичинде «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» тарабынан жалпы 1 285 субъектке 3,4 миллиард сом суммасында каржылоо берилди. Бул каражаттар айыл чарбасында иш алып барган фермерлерди, кайра иштетүүчү ишканаларды жана башка чарбалык субъекттерди колдоого багытталган.
«Сүт» кластерин өнүктүрүүгө басым жасалууда
Каржыланган субъекттердин ичинен 305и «Сүт» кластерине тиешелүү болуп, аларга 453,6 млн сом суммасында каржылык колдоо көрсөтүлдү. Бул жалпы берилген каражаттын 13,3%ын түзөт.
2025-жылдын I жарым жылдыгында тамак-аш өнөр жайындагы сүт кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан 60 466 тонна сүт азыктары өндүрүлдү. Бул көрсөткүчтүн акчалай эквиваленти 9 606,2 млн сомду түзүп, 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу (54 320,7 тонна) 11,3%га жогорулады.
Бул өсүш «КАПК» долбоору аркылуу көрсөтүлгөн каржылык колдоонун натыйжалуулугун жана сүт тармагында өндүрүштүн туруктуу өнүгүп жатканын айгинелейт.
«КАПК» долбоору Кыргыз Республикасында айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү тармактарын өнүктүрүү, фермерлердин, ишкерлердин каржылык жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында ишке ашырылууда.