2025-2026-жылдарга карата экономика тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилдерине даярдоо иштери пландын негизинде толук аткарылды

 2025-2026-жылдарга карата экономика тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилдерине даярдоо иштери пландын негизинде толук аткарылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2025-2026-жылдарга карата күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүүдө аткарылган иштер тууралуу коомчулукка маалымат берди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ошондой эле энергетикалык компаниялар тарабынан дагы бир жолу мониторинг жүргүзүлүп, өлкөнүн 2025-2026-жылдарга карата экономика тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилдерине даярдоо иштери пландын негизинде толук аткарылды.

Маселен, оңдоп-түзөө иштеринде 

Таш-Көмүр ГЭСинде бир гидроагрегат, Камбар-Ата-2 ГЭСинде бир гидроагрегат капиталдык оңдоодон толук өткөрүлдү. Күрп-Сай жана Шамалды-Сай ГЭСтеринде дагы гидроагрегаттар быйыл оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Ал эми, Токтогул ГЭСиндеги жалпы 4 гидроагрегат учурда толук иштөөдө. Бул жерде кошумчалай кетсем, Токтогул ГЭСин реаблитациялоо иши аягына чыкты. Бардык гидроагрегаттар алмаштырылгандан кийин кубаттуулук 240 МВтка көбөйдү. Буга чейин 1200 МВт болсо, азыр 240 МВт кошулуп, жалпы 1440 МВт кубаттуулукка жетти.

Үч-Коргон ГЭСинде дагы 4 гидроагрегат учурда толук иштеп жатат. Мындагы гидроагрегаттарды алмаштыруу иштери 2024-2025-жылдары жүргүзүлүп, 2 гидроагрегат жаңыга алмаштырылып, анын натыйжасында жалпы кубаттуулук 18 МВтка жогорулады. Ал эми, калган 2 гидроагрегат 2026-жылы жаңыланат.

Бишкек, Ош жылуулук электр борборлорунда дагы быйылкы жылдын планына киргизилген оңдоп-түзөө иштери аткарылды. Жыл башынан бери тиешелүү буу казандардын жана турбоагрегаттардын жылытуу мезгилинде үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн даярдалды.

Мындан тышкары, “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасында аткарылган иштерге токтолсом. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында 35-500 кВ жогорку чыңалуудагы 1320,9 км узундуктагы электр өткөрүү чубалгысы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, ал пландан ашык аткарылды. Ал эми, 6-10-0,4 кВ электр өткөрүү чубалгысы 3 076,7 км аралыкта оңдолуп, ал 99,3%га аткарылды. Ошондой эле, жалпы кубаттуулугу 50,5 МВА түзгөн 4 ири трансформатор жана 3 292 даана көмөк чордон оңдоодон өткөрүлдү. Мындан тышкары, планга киргизилген жаңы курулуш жана реконструкциялоо иштери 100%дан ашык аткарылды.

Республиканын аймактарындагы бардык муниципалдык жылуулук ишканаларында быйылкы жылга карата оңдоодон өткөрүү планына киргизилген иштер толук аткарылды жана бүгүнкү күндө штаттык режимде иштеп жатат.

Көмүр жана мазут маселеси 

Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдоо үчүн республика боюнча 3 174,792 миң  тонна көмүр камдалышы керек.

Анын ичинен бюджеттик мекемелерге 309,415 миң тонна керектелсе, бүгүнкү күндө анын 203,54 миң тоннасы камсыздалды (учурдагы план үстүбүздөгү жылдын 11 айына карата 89%га аткарылды).

Калкка 1 465,377 миң тонна керектелсе, бүгүнкү күндө анын 994,69 миң тоннасы камсыздалды (учурдагы план үстүбүздөгү жылдын 11 айына карата 96,6%га аткарылды). Белгилеп кетүүчү жагдай, өлкөнүн бардык аймактарында ачылган социалдык көмүр сатуучу базаларга жана социалдык мекемелерге Кара-Кече кенинен биринчилерден болуп көмүр жеткирүү ишине артыкчылык берилген.

Учурда республиканын аймагында жалпысынан көмүр саткан 720 база иштеп жатат, анын ичинен “Кыргызкөмүр” ишканасы тарабынан уюштурулган 144 социалдык база ачылган.

Бишкек ЖЭБине жалпы 1 400,0 миң тонна көмүр керектелет, толук камсыздоо иштери жүрүп жатат, учурда 20-ноябрга карата Бишкек ЖЭБинин кампасынын сыйымдуулугуна жараша жеткиликтүү 280 миң тонна көмүр жана 4,2 миң тонна мазут  бар. Көмүрдүн кору былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл көп, өткөн жылы бул убакытта кампада 242 миң тонна көмүр болгон.

Ош шаарынын ЖЭБине жалпы 23,0 миң тонна мазут керектелет, бүгүнкү күндө 20,8 миң тонна камсыздалды, былтыр бул көрсөткүч 12,9 миң тоннаны түзгөн.

Жаратылыш газы боюнча республиканын жылдык керектөөсү 517,0 млн мтүзөт. Газдаштыруу иштери быйылкы жылы жогорку деңгээлде аткарылды. 2025-жылы 100 км газ куурлары коюлуп, жаңы 13 530 керектөөчү кошулду. Жыл аягына чейин Бишкек шаарындагы Ак-Босого калктуу конушу, Чүй облусундагы Новопокровка, Военно-Антоновка айылдарына жаратылыш газы киргизилет. Келээрки жылга борбор калаанын Эне-Сай, Арча-Бешик, 69 Га жаңы конуштарына жана Чүй облусунун Селекционное айылы газдаштырылат. Кошумчалай кетсем, мамлекеттин калкты газ менен камсыз кылуу боюнча ишин ишке ашырууда, Бишкек шаары менен Чүй облусунун жарандары үчүн жеңилдетилген насыя каралган.

Күйүүчү-майлоочу май маселеси

Өлкөнү күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо иштери Министрлер Кабинети тарабынан тиешелүү иштерди активдүү жүргүзүү уланууда. Бүгүнкү күнгө карата республиканын бардык нефтебазаларында күйүүчү-майлоочу майдын туруктуу кору бар.

Министрлер Кабинети өлкөнүн нефтетрейдерлери менен биргеликте ички күйүүчү-майлоочу май рыногун толтуруу максатында, Беларусь Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мунай иштетүүчү заводдорунун жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын натыйжасында Кыргызстанга мунай продуктулары жеткирилип жатат.

Өлкөнү күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо максатында аткарылып жаткан иштер тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан ар күнү көзөмөлдөнүп, абал турукташтырылып келет.

Аны менен катар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик жана тиешелүү компаниялардын жетекчилери тарабынан калкка жана социалдык объекттерде ар күнү күйүчүү-майлоочу майдын, көмүрдүн жеткиликтүү көлөмдө корунун үзгүлтүксүз болуусу жана анын баасына, сапатына мониторинг жүргүзүп туруу, ошондой эле жылуулук жана электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздоо сыяктуу көзөмөлдөө иштерин күчөтүлгөн тартипте аткаруу тапшырылды. Мындан тышкары, коюлган планды өз убагында жана толук кандуу аткаруу милдеттендирилди.

Связанный пост