2024-жылы Ветеринардык кызмат мамкызмат көрсөтүүдөн 216 млн сом чогултту
2024-жылы Ветеринардык кызмат мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн 216 млн сом чогулткан. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл арба жана кайра иштетүү өнөр жайы минисьрлигинен билдиришти.
2024-жылы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын атайын эсебине мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн 216 миллион сомдон ашуун акча каражаты түшкөн.
Ветеринардык кызматтын 2024-жыл үчүн атайын эсепке коюлган планы 91 млн 688 миң сом болсо, жыл аягында план 216 млн 785 миң сомго аткарылган. Анын ичинен:
- эмгек акыга – 130 071 миң сом;
- социалдык фондго – 22 437,3 миң сом;
- киреше салыгына – 13 007,1 миң сом жумшалды.