2024-жылы бала бакчаларды оптималдаштыруу менен кошумча 26 миң орун түзүлгөн

Соңку эки жыл ичинде өлкөдө бала бакчалардын уктоочу бөлмөлөрүн оптималдаштыруу менен кошумча орундар түзүлүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2024-жылы уктоочу жайларды натыйжалуу колдонуунун аркасында 900дөн ашык кошумча тайпа ачылып, 26 миң 220 бала кабыл алынды.
2025-жылдын ушул күнүнө чейин дагы 9 миңден ашык бала бакчага жайгаштырылды.
Бул иш кийинки жылы да улантылып, балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу максаты коюлууда.
Мындай аракеттер “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын өзгөртүп түзүү: Кыргызстанда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча чаралар” долбоорунун алкагында жүрүүдө.
Бул долбоор 2024-2026-жылдары бүткүл республика боюнча ишке ашырылат.