2024-жылы абактарда жаза өтөп жаткан 631 жаран паспорт алган

2024-жылы абактарда жаза өтөп жаткан 631 жаран паспорт алган. Бул тууралуу Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандарды документтештирүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуусунда айтылат.
Белгиленгендей, Акыйкатчы институту тарабынан Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) мекемелеринде жазасын өтөп жаткан жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүп келет.
Институттун кызматкерлери барган учурда соттолгондор тарабынан паспорт алууга жардам берүүсүн суранып кайрылгандар арбын болгон.
Ошонун негизинде Акыйкатчы институнунун кызматкерлери 2024-жылдын январь айынан тарта изилдөө жүргүзүп, өлкөдөгү жабык мекемелерде жазасын өтөп жаткан 742 соттолгон жарандын паспорту жок экенин аныктаган.
Натыйжада Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен 2024-жылдын ичинде ЖАК мекемелеринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 631 соттолгон паспорт алышты.