2024-жылы өлкөдө жалпы 59 жаңы айыл чарба кооперативи түзүлгөн
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2024-жылы жалпы республика боюнча жаңы 59 айыл чарба кооперативдери түзүлдү.
Ведомствонун маалыматына караганда, кооперативдердин иштеткен жеринин аянты 4 500 гектарды, ал эми мүчөлөрүнүн саны 413дү түздү. Анын ичинен:
- Чүй облусунда – 15;
- Ысык-Көл облусунда – 3;
- Ош облусунда – 11;
- Жалал-Абад облусунда – 12;
- Талас облусунда – 6;
- Нарын облусунда – 8;
- Баткен облусунда – 4.
Министрликтин Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаменти жергиликтүү башкаруу органдары менен биргеликте “Кыргызстанда 2023-2027-жылдарга айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү программасын” региондордо ишке ашыруу ишин алып барууда.
Кооперативдик системаны өнүктүрүү жана түзүү максатында, региондордогу майда айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба кооперативдерине өз ыктыяры менен биригүү принциптерине жана демократиялык башкаруу механизмин жайылтуу максатында иштерди жүргүзүүдө.