2024-жылдын жыйынтыгы менен маданият жана спорт тармагындагы мыкты 10 мекеме белгилүү болду

 2024-жылдын жыйынтыгы менен маданият жана спорт тармагындагы мыкты 10 мекеме белгилүү болду

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясынын жыйынтыгы менен өлкөдө маданият жана спорт тармагындагы мыкты 10 мекеме белгилүү болду.

Ведомстводон маалымдашкандай, аларга 150 миң сом өлчөмүндө атайын сыйлыктар тапшырылды.

Маданият министри Алтынбек Максутов бул колдоо жыл сайын өткөрүлөрүн жана тандоо критерийлери жакшыртыларын белгиледи.

“Биздин максат – маданият жана спорт мекемелеринин арасында атаандаштыкты күчөтүп, жогорку натыйжаларга жетүүгө шыктандыруу. Кийинки жылдары кесиптик майрамдарга карата кошумча сыйлыктар да уюштурулат. Маселен, мыкты музыка мугалими, мыкты театр актёру сыяктуу номинациялар болушу мүмкүн”, – деп билдирди министр.

Жеңүүчүлөр төмөнкү мекемелер болду:

1. Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармония;
2. Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук орус драма театры;
3. Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети;
4. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы Театр окуу жайы;
5. Пётр Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектеби;
6. Карамолдо Орозов атындагы Балдар искусство мектеби (Чолпон-Ата ш.);
7. “Сулайман-Тоо” тарыхый-археологиялык музей комплекси;
8. Ош облусунун Араван райондук Маданият үйү;
9. Токтогул Сатылгановдун мемориалдык үй-музейи (Жалал-Абад облусу);
10. Кара-Кулжа районунун Борборлоштурулган китепканалар тармагы.

Связанный пост