2024-жылдын күз-кыш мезгилине карата иш-чараларга даярдык көрүүгө 7 млрд сом каралган

 2024-жылдын күз-кыш мезгилине карата иш-чараларга даярдык көрүүгө 7 млрд сом каралган

2024-жылдын күз-кыш мезгилине карата иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүүгө 7 млрд сом суммасында каражат каралган, анын ичинен 29.02.2024-жылга карата Финансы министрлиги тарабынан төмөнкү иш-чараларга 1,7 млрд сом каржыланган:

  • “Мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” беренеси боюнча “Кыргызжылуулукэнерго” МИге жылуулук энергиясын субсидиялоого 1,7 млрд сом каралган. Алардын ичинен “Кыргызжылуулукэнерго” МИден келип түшкөн билдирмелердин негизинде үстүбүздөгү жылдын январь-февралында 750,0 млн сом каржыланган. Бул чыгымдар жарандарыбыз үчүн жылуулук энергиясынын тарифтерин  мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу “Кыргызжылуулукэнерго”МИнин жылуулук менен жабдуучу ишканаларынын чыгымдарын компенсациялоого каралгандыгын белгилей кетүү зарыл.
  • Бийик тоолуу аймактарда,алыскы зоналарда жашаган калкка электр энергиясын төлөө боюнча 50 пайыздык жеңилдикти компенсациялоого 184,0 млн сом каралган жана январь-февраль айларына карата 62,3 млн сом каражат бөлүнгөн.
  • Бюджеттик уюмдарга республикалык бюджеттин эсебинен көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга 430,3 млн сом  каралган, анын ичинен январь-февраль айлары үчүн 2,6 млн сом каражат бөлүнгөн.
  • Республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттик уюмдарга коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр менен байланышкан чыгымдарга 3,5 млн сом каралган. 29.02.2024 – жылга карата иш жүзүндөгү чыгаша 568,8 млн сомду түздү, анын ичинен электр энергиясын төлөөгө – 462,2 млн сом, жылуулук энергиясын төлөөгө – 95,8 млн сом жана жаратылыш газын төлөөгө-10,7 млн сом.
  • 2024-жылга республикалык бюджеттин эсебинен жергиликтүү бюджеттик каржылоодо турган мекемелердин электр энергиясына кеткен чыгымдарын жабуу үчүн зарыл болгон жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга 1,2 млрд сом суммасында каражат каралган. Январь-февраль айларына Финансы министрлиги тарабынан 296,6 млн сом каржыланган.

Связанный пост