2024-жылдын 4 айында Ош облусуна 382,8 млн сом каржыланды
2024-жылдын 4 айында Ош облусуна 382,8 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен маалымдашты.
Ош облусу боюнча 2024-жылдын 4 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 285,4 млн сом өлчөмүндө каржыланган., анын ичинен:
1. Теңдөөчү трансферт – 251,8 млн сом;
2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 18,0 млн сом;
3. Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 15,6 млн сом;
Мындан тышкары, Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 97,4 млн сом бөлүнүп берилди.
Жалпы – 382,8 млн сом